Айылдык кеңештин төрагасы

Айылдык кеңештин төрагасы-  Назарбеков Анаралы Чиркейович. 1977-жылы 27-апрелде Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. 1984-жылы Кадыркул Чекиров атындагы №23 орто мектебине 1-класска барып, 1992-жылы мектепти  ийгиликтүү аяктаган. 1992-жылы кесиптик окуу жайына тапшырып, 1995-жылы аскердик кызмат өтөөгө барган. 1996-жылы аскердк кызматын аяктап, 1998-жылдан баштап Кара-Жыгач айылында жаштар иштери боюнча иш жүргүзгөн. 2004-жылы жогорку окуу жайга тапшырган. ал окуу жайды ийгиликтүү аяктап 2015-жылы Аксы районундагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине машыктыруучу болуп кирип, азыркы мезгилге чейин иштеп келе жатат. Кара-Жыгач айылдык кеңешинин төрт жолку чакырылышынын депутаты. Аксы районунун ардактуу атуулу. Кара-Жыгач айылынын ардактуу атуулу. Азыркы учурда Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын депутаттарынын төрагасы болуп эмгектенип жатат. 



Курс валют

Погода в Кыргызстане
Copyright © 2021- Кара-Жыгач айылдык кеңеши