|
Кара-Жыгач айыл өкмөтү - 1924-жылы түзүлгөн. Жаңы-Жол, Кара-Суу, Кызыл-Туу жана Авлетим айыл аймактары менен чектешет. Кара-Жыгач айыл аймагында 6 айыл бар. Кара-Жыгач айылы аймактын борбору болуп эсептелет. Жалпы аянты - 11016 га, калкынын саны - 7973, кожолуктун саны - 1533. Кара-Жыгач айыл аймагында - Чарба, Тор-Камыш, Дардак-Дөбө, Кара-Ой, Сыны, Кара-Жыгач айылдары бар. Аймакта 2 орто мектеп, 1 негизги мектеп жана 1 ббала бакча бар.жалпы 113 мугалим эмгектенет. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин саны - 4, жалпы 2 врач, 9 орто мед.персонал кызмат көрсөтүшүүдө. 1 айылдык маданият үйү, 1 китепкана, 1 музей бар.
Кара-Жыгач айыл өкмөтү аткаруучу органы болуп эсептелет. Аппаратта 19 мамлекеттик кызматкер эмгектенет.
|